Акыркы жаңылыктар
Ишкерлер жана Кытайга саякаттаганды жакшы көргөндөр үчүн мыкты жаңылык! О! Мобилдик оператору менен Кытайдын мобилдик байланышынын дүйнөлүк гиганты China Mobile тармагынын ортосунда 2019-жылдын 1-августунан баштап, Кытайда О! Мобилдик операторунун интернет-роуминг кызматын колдонгон абоненттерге болгону 1 сомго – 1 мегабайт жеңилдетилген тариф жүрө тургандыгы тууралуу макулдашылды!
– Сонун! Андан да арзан болобу?!, – деп сурашыңыз мүмкүн.
– О! абоненттерине баары болот! – деп биз жооп беребиз.
Интернет-топтомдорду кошуп алыңыз. Алар менен сиз пландаштырганыңыздан ашык сарптабай тургандыгыңыз кепилденген жана роумингдеги интернетке супербаа менен 10% арзандатуу менен ээ болосуз:
О! роуминг кызматын акысыз жана абоненттик төлөмсүз, О! Мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңсесине барбастан кошуп алуу мүмкүн. Кыргызстандан чыгар алдында акысыз *997# буйрутмасын терүү жетиштүү болот.
Ушул эле акысыз буйрутма 1 сом/1Мб пайдалуу тарифин төмөндөгү тармактардө да активдештирет: Tele2 и Мегафон (Россия); Tele2 (Казакстан); Ucell (Өзбекстан); Turkcell (Түркия); Saudi Telecom Company (Сауд Арабиясы), True Move (Таиланд), Viettel (Вьетнам), Vodafone (Украина).
Эсиңиздерде болсун, чет өлкөдө жүргөндө бардык О! абоненттерине роумингде акысыз техникалык колдоо жеткиликтүү жана баары жайында экендигин жакындарына билдирүү мүмкүнчүлүгү бар.
Роуминг кызматтарынын тарифтери менен компаниянын www.o.kg сайтынан «Роуминг» бөлүмүнөн таанышса болот.
О! менен бирге саякатта жана ар дайым байланышта бол!

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар