Акыркы жаңылыктар
Дүйнө аябай ылдам өнүгүп жатат, ал эми технологиялар андан да ылдам өнүгүүдө. Ошондуктан биз жакшырып жатабыз жана жаңы сервистер менен технологияларды карай алга жылып баратабыз. О! мобилдик операторунан SHOP.O.KG интернет-дүкөнү мурункудан да ыңгайлуу болуп калды. Биз бүткүл тараптык интеграцияга жана кампалар менен өз ара ыкчам иштешүүгө жетиштик, бул бүткүл республика боюнча сиздин тапшырыгыңызды ылдам жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми дүкөндүн ыңгайлуу интерфейси ыңгайлуу навигацияны камсыз кылат.
http://shop.o.kg/-де Кыргызстандагы смартфондордун, гаджеттердин жана аксессуарлардын эң кенен ассортименттеринин бири сунушталган. Биз Apple, Samsung, Huawei, Xiaomi, Meizu, Philips-тен жаңыларды, планшеттерди, ноутбуктарды, ойноочу приставкаларды, өздүк фирмалык O!Phone, 4G WiFi Wingle, роутерлерди арзан жана расмий кепилдиги менен сунуштайбыз. Эгер суроолор жаралып калса, бизде профессионал онлайн-консультант бар, ал сизге туура тандоо жасоого мүмкүндүк берет.
«Бизде алдыңкы электроника өндүрүүчүлөр менен өнөктөштүк мамилелер жаралды. Биздин интернет-дүкөндөн сатып алуу менен, сатып алуучу сертификатталган буюмду кепилдиги менен жана арзан баада сатып алаарына ишенсе болот. Ошондой эле биздин кардарлар үчүн бизде дайыма жагымдуу бонустар жана арзандатуулар бар», - деп белгиледи О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Эске салабыз: О! мобилдик оператору алгачкылардан болуп ата мекендик телекоммуникациялык рынокто кыргызстандыктарга каалаган мобилдик түзүлүштү үйдөн чыкпастан, керек болсо, төлөө мөөнөтүн узартуу менен сатып алууга мүмкүндүк берип, өзүнүн интернет-дүкөнүнүн ачты.
Смартфондорду shop.o.kg-ден тапшырык кылыңыздар жана сиз өз убактыңызды жана акчаңызды үнөмдөй аларыңызга кепилдик бар.

О! Мобилдик оператору – жаңы муундагы көчмөндөр үчүн технологиялык тандоо

Үйрөнчүктөрдөн санариптик дүйнөнүн архитекторлоруна чейин: О! экосистемасын жараткандардын тарыхы

Мектепке чейин 10 күн калды: HONOR сатып алууга жана O!Store'дон белек алууга үлгүрүңүз

O!TV’де Amediateka: HBO Max фильмдерин Кыргызстанда көрүңүз

Суу өткөрбөс каптама белекке: O!Store Ысык-Көлдө жайкы акциясын баштады
Бардык жаңылыктар