Акыркы жаңылыктар
Кыргызстандын белгилүү мобилдик операторунун 8 жылдыгына жана «О!го которул + ТV» тарифтер планынын жаңы тизмегине арналган О!нун чоң концерттери биринчи жолу 26, 28-апрелде Жалал-Абадда жана Ошто өтөт.
Кыргызстандын белгилүү мобилдик операторунун 8 жылдыгына жана «О!го которул + ТV» тарифтер планынын жаңы тизмегине арналган О!нун чоң концерттери биринчи жолу 26, 28-апрелде Жалал-Абадда жана Ошто өтөт. «Город 312» тобундагы артисттердин музыкалык туру 30-апрелде Бишкекте аяктайт.
Бул окуя үчүн «Город 312» тобунун белгилүү солисткасы Светлана Назаренко жана анын командасы кыргызстандыктар үчүн видео чакыруу жаздырды: «Салам, сүйүктүү Кыргызстан! Жакын арада биз сиздер менен жолугушабыз жана биз буга өтө кубанычтабыз. О! мобилдик оператору атайын сиздер үчүн «Город 312» тобунун эксклюзивдүү концерттер сериясын уюштурду. Биз сиздер менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Баары сонун болот, кепилдик беребиз!», - дейт музыканттар.
Акысыз билетти О!нун каалаган сатуу жана тейлөө кеңсесинен же компаниянын промоутерлеринен алууга болорун эске салабыз. Ал үчүн жөн гана «О!го которул + TV» тизмегинен каалаган тарифти кошуп же активдүү абоненти болуп, балансты толтуруу керек.
Биздин О!нун чоң үй бүлөсүн куттуктайбыз жана дал Сизди сүйүктүү оператордун Туулган күнүн майрамдоого катышууга чакырабыз. Досторуңузду, үй бүлөңүздү чогултуп, өзүңүз да келиңиз. Биздин Facebook, Instagram, «Одноклассники», Twitter, «ВКонтакте» барактарыбызга жазылыңыздар жана концертке акысыз билеттерди утуп алыңыздар.
Видео чакыруу: https://www.youtube.com/watch?v=IpyqJd1nkNQ

Бир экран: жакындарың, машинаң жана үйүң – баары көзөмөлдө

Алар O!Store'дон белектерин алышты – сиз да ала аласыз!

Ысык-Көлдө эко-жай: О! операторунун eSIM´и жаратылышты сактайт жана акчаңызды үнөмдөйт

«Мой О!» супертиркемесине нөл баланс менен да акысыз кирсеңиз болот
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар