Акыркы жаңылыктар
О!Мобилдик оператору жана Promzona.spаce клубу жакшы, сапаттуу музыканын бардык күйөрмандарын эбегейсиз чоң O!PEN AIR 2019га чакырат, анын хэдлайнери катары легендарлуу ДДТ тобу келет.
O!PEN AIR 2019 29-июнда саат 15:00дө Promzona.space клубунун чоң сценасында өтөт.
Бул жөн гана фестиваль эмес, бул жерде музыканы, поэзияны жана көрүүчүлөр менен жакын баарлашууну бири-бирине айкалыштырган өзгөчө иш-чара.
ДДТ тобунун музыкасын сүйүүчүлөрдүн бир нече мууну үчүн – алардын ырлары чыныгы символго айланып калган. Бирок, эң башкысы көрүүчүлөр тарабынан ДДТ тобун урмат-сыйга алып келген нерселери – алардын адамга, жашоого болгон кызыгуусу менен сүйүүсү, анан албетте, музыкасы эч өзгөрүүсүз кала берет. Бул жерде ар бир көрүүчү нукура турмуштук маани менен сугарылган сүйүктүү ырларын уга алат!
O!PEN AIR 2019 БИЛЕТИН КАНТИП АЛСА БОЛОТ
Балансты 200 сомго бир жолку төлөм аркылуу толуктоо менен өз билетин О!Store тармагынын дүкөндөрүнүн биринен дароо азыр акысыз алса болот!
Шашылыңыздар, билеттердин саны чектелүү.
Толук маалыматты 766, 0706 900 900 номерлери жана openair.o.kg сайты аркылуу билсе болот.

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?

О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагын күчөтөт: ылдамдык жана камтуу андан дагы көбүрөөк

O!Store'до техника жана аксессуарларга 50%га чейинки укмуштуудай арзандатуулар!

O!Store дүкөндөр тармагы – 10 жыл: чоң юбилей жана 10 баалуу белек!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар