Акыркы жаңылыктар

«Тулпар» бирдиктүү төлөм картасын «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы аркылуу тез жана ыңгайлуу толуктаса болот. Муну аткаруу үчүн «Мой О!» тиркемесин ачуу, «Тулпар» картасындагы QR-кодду сканирлөө, керектүү сумманы киргизүү жана төлөмдү жүргүзүү жеткиликтүү.
2020-жылдын 31-мартына чейин толуктоо комиссиясыз жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин комиссия төлөмдүн суммасына жараша 2 сомдон 10 сомго чейин болот.
Транспорттук карталарды О! Мобилдик операторунун бардык сатуу жана тейлөө кеңселеринен жана Бишкек шаарындагы O!Store дүкөндөрүнөн сатып алса болот. «Тулпар» картасынын баасы 50 сом. Бул баанын ичине бир жолку акысыз жол жүрүү киргизилген.
Эске салсак, 1-марттан тартып, Бишкектеги коомдук муниципалдык транспорту толугу менен нак эмес төлөмгө өтөт. Эми жол кирени төлөө үчүн «Тулпар» бирдиктүү төлөм картасын атайын аппаратка коюу керек. Жол киренин суммасы автоматтык түрдө алынат.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.

O!Store'дон Honor белектери: телевизор же экинчи смартфон!

Жакын болуу дагы пайдалуу: О! үй-бүлөлүк туташууга арзандатууларды сунуштайт
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

QA/SDET инженери бол: О! компаниясынан InternLabs акысыз такшалмасына кабыл алуу башталды!

Окууга «Мой О!» менен даярданабыз: 95 сомдон тарифтер, окуу акысын төлөө жана кешбэк
Бардык жаңылыктар