Акыркы жаңылыктар

Керемет көлдүн, бийик тоолордун жана National Geographic стилинде пейзаждардын өлкөсүнө саякатыңыз дүйнө жүзү менен бөлүшө турган эң сонун таасирлерди жаратсын! Бул үчүн байланыш оператору менен мобилдик интернет тармагын туура тандашыңыз керек.
О! мобилдик оператору – Кыргызстандагы eSIMди онлайн алуу мүмкүндүгүн берген жалгыз оператор. Бул 4G тармагын камтуу зонасы калк жашаган аймактын 99,6%ын ээлеген өлкөнүн ири мобилдик оператору.
Инновациялык технология Кыргызстанга келгенге чейин эле eSIMди алыстан сатып алып, ылайыктуу түзүлүштөргө кошуу мүмкүндүгүн берет. eSIMди «Мой О!» тиркемесинен кошуп алуу жетиштүү жана оператордун кеңсесине барууга убактыңыз коробойт. Өлкөгө келер замат байланыш кызматтарын колдоно аласыз.
eSIMди кантип алса болот?
«Мой О!» тиркемесин көчүрүңүз жана смартфонуңуз eSIM технологиясы менен иштей турганын текшериңиз (маалымат түзүлүшүңүздүн ырастоолорунда орун алган).
Кийинки кадамдарды аткарыңыз:
«Мой О!» тиркемесин ачып, «О! абоненти болуу», андан соң «Киришүү» баскычын басыңыз;
Номерди, тарифти тандап, паспорт менен каттоо процедурасынан өтүңүз;
Тандалган опцияларды ыңгайлуу жол менен төлөңүз;
eSIMди активдештирүү үчүн электрондук почтаңызга келген уникалдуу QR-кодду колдонуңуз.
Керегиңизге жарасын!
Туристтер үчүн «БААРЫНА ЧЕКСИЗ» тарифи ылайыктуу. Төлөөнүн 1 жумалык же дароо 4 жумалык формасын тандасаңыз болот. Тарифти o.kg сайтынан тандаңыз.
Эгер кандайдыр бир суроо жаралса, күнү-түнү иштеген О! кардарларын Колдоо кызматына кайрылыңыз:
WhatsApp: +996 705 700 700,
Telegram: @o_mobile_operator_bot,
o.kg сайтындагы онлайн-чат аркылуу,
ошондой эле Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлөр менен.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КРМБТ караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.

Үйрөнчүктөрдөн санариптик дүйнөнүн архитекторлоруна чейин: О! экосистемасын жараткандардын тарыхы

Мектепке чейин 10 күн калды: HONOR сатып алууга жана O!Store'дон белек алууга үлгүрүңүз

O!TV’де Amediateka: HBO Max фильмдерин Кыргызстанда көрүңүз

Суу өткөрбөс каптама белекке: O!Store Ысык-Көлдө жайкы акциясын баштады
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар