Акыркы жаңылыктар
«Мой О!» мобилдик тиркемесинде маршруттук баракчаларды электрондук форматта толтуруу жана колдонуу мүмкүнчүлугү пайда болду. Бул документти принтерден чыгаруу же колдон толтуруу муктаждыгынан бошотот.
Тиркемедеги маршруттук баракча тастыкталган кагаз үлгүгө дал келет жана бардык керектүү талааларын камтыйт: ФАА, телефон номери, үйдөн чыгуу себеби, үйдөн чыгуу жана кайтуу убактысы, жашаган дареги жана бара турган жери.
Документти онлайн кантип толуктаса болот?
Өлкөнүн бардык уюлдук операторунун абоненттерине жеткиликтүү болгон «Мой О!» тиркемесин орнотуп алыңыз.
Башкы бетте «Маршруттук баракчаны» тандаңыз.
Керектүү талааларын толтуруңуз жана сактап коюңуз.
Тиркемедеги сиздин маалыматтар керектүү учурда ар дайым кол алдыңызда болот. Текшерүү учурунда маршруттук баракчаны кайгуул кызматкерине смартфондон эле көрсөтсө жетиштүү болот.
25-марттан тартып, Кыргызстандын кээ бир аймактарында кыймыл-аракетке чектөөлөр киргизилгендигин эсиңиздерге сала кетмекчибиз. Көчөгө абдан керектүү учурда гана (мисалы, дарыканага, дүкөнгө же медициналык мекемеге) паспорт жана маршруттук баракча менен чыгууга болот.
Ден-соолукта болуңуздар, өзүңүз менен жакындарыңыз аман болсун!

Интернет, төлөмдөр жана кешбэк: О! Чыныгы ыңгайлуу роумингди сунуштайт

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: О! операторунан үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!до акысыз IT-такшалма өтүүгө тапшырууга 3 күн калды: шашылыңыз!

O!TV'де «Амедиатеканы» биринчи жолу туташтыргандар үчүн бир жумалык сыноо мөөнөтү бар

О! кызматтарынын бирдиктүү колдоо номерлери – 9999 жана 0700 000 999
Бардык жаңылыктар