Акыркы жаңылыктар

Эң башкысы – дүрбөлөңгө түшпөш жана коркпош керек. Кечээ бул керемет куштарды Жалал-Абад областынын Кажыр-Абад айылында сүрөткө тартып алышкан.
https://www.instagram.com/share/p/BAFvOuK4ll
Жергиликтүү тургундардын айтуусу боюнча, илегилектер уяларды адатта апрелде ээлешет, ал эми быйыл мындай окуя кыйла эрте болду. Куштар жумуртка басуу үчүн уялоого ыңгайлуу жерлерди издешет. Бир катар жылдардан бери мындай жер болуп Базар-Коргон районундагы О! уюлдук секиси эсептелип калды. Бул жерде куштар эки-үч ай болуп, балапандарын багышат жана канаттарынын булчуңдарын машыктырып тарбиялашат. Андан кийин алар «үйүн» кийинки жылга чейин таштап кетишет.
Мындай жанаша жашоо – базалык станциялары табият менен достук мамиледе экенинин дагы бир далили.
О! техникалык адистеридин айтуусу боюнча секилер белгилүү бир жүктөмгө эсептелгенин (үстүнө орнотула турган жабдуунун саны, тышкы өлчөмдөрү жана салмагы) эске алуу менен, мындай чогуу жашоону үзбөө үчүн колунан келген аракеттерди жумшап келишет.
Компания объектилерин орнотууда санитардык ченемдердин баарын сактайт. Бул көз карандысыз лаборатория, ошондой эле ар кандай мамлекеттик кызматтар тарабынан текшерилет.
О! компаниясы жарандарды заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылуу аркылуу Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштейт. Алардын катарына ыкчам кызматтар менен байланыш, өлкөнүн эң алыскы жерлеринде онлайн-билим алуу, бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жана башка көптөгөн шарттар кирет.

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты

ИТ-гигант ишин баштады: О! келечектеги лидерлер үчүн акы төлөнүүчү DataCamp программасын ишке киргизет

Байланыш – өнүгүү укугу катары: О! кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайт!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар