Акыркы жаңылыктар
«Мой О!» мобилдик тиркемесинде электрондук мамлекеттик кызматтардын саны кѳбѳйүүдѳ.
Эми кыргызстандыктар КР жаранынын 2017-жылкы үлгүдѳгү паспортун жана КР жаранынын 2020-жылкы үлгүдѳгү жалпы жарандык паспортун даярдоо, ошондой эле жеткирип берүү үчүн онлайн жана комиссиясыз тѳлѳй алышат.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылды.
Паспорт даярдоо үчүн тѳлѳмдү комиссиясыз кантип аткарса болот?
КТБга барып, паспорт даярдоо үчүн керектүү документтерди тапшырыӊыз да, дүмүрчѳк алыӊыз;
«Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» бѳлүмүн ачыӊыз;
«Мамлекеттик тѳлѳмдѳр жана айыппулдар», андан соӊ «КР паспорту үчүн тѳлѳм» вкладкаларын басыӊыз;
Дүмүрчѳктѳ кѳрсѳтүлгѳн тѳлѳѳ кодун жана суммасын киргизиӊиз;
Телефондун балансынан, капчыктан же кошулган картадан тѳлѳӊүз.
Накталай эмес түрдѳ тѳлѳѳ мүмкүндүгү калктын мамлекеттик кызматтардан пайдалануусун кеӊейтип, убакытты үнѳмдѳѳгѳ шарт түзѳт. Себеби, кассага барып, кезек күтүп отуруунун зарылдыгы жок – тиркемеден тѳлѳѳгѳ болгону бир нече секунд кетет.
«О!Деньги» капчыгы аркылуу башка мамлекеттик кызматтар үчүн дагы тѳлѳм жүргүзүү оӊой экенин эскерте кетмекчибиз:
Юстиция министрлигинин сервистерин жана нотариустун кызматтарын тѳлѳѳ;
ИИМ кызматтарын тѳлѳѳ (соттолбогондугу тууралуу маалымкат, апостиль басуу);
ЖААК кызматтарын тѳлѳѳ (никелешүүнү жана никени бузууну каттоо, баланын тѳрѳлгѳнүн каттоо ж.б.);
Камералардан жана колго жазылган айыппулдарды тѳлѳѳ;
Салыктарды, патенттерди тѳлѳѳ;
Бала бакчадагы тамактануу жана башка кѳптѳгѳн кызматтар үчүн тѳлѳѳ.
Google Play же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин орнотуӊуз.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан берилет. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар