Акыркы жаңылыктар
1-июлдан тартып Бишкектин муниципалдык транспортунда төлөм толугу менен накталай эмес формага өтөт. Автобустар менен троллейбустарда жол кире акысы «Тулпар» транспорттук картасы менен төлөнөт. Мунун жол-жобосун алдын ала айтып беребиз.
«Тулпар» картасын кайдан алса болот?
Шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн транспорттук карталарды O!Store дүкөндөр тармагынан алса болот. Картанын баасы 50 сом жана анда бир жолу акысыз жүрүү мүмкүнчүлүгү берилген.
Транспорттук картаны кантип толуктайт?
Картаны «О!Деньги» капчыгы аркылуу түз эле телефондун балансынан толуктаса болот.
Бул жөнөкөй, тез жана ыңгайлуу:
«Мой О!» тиркемесине кирип, «О!Деньги» бөлүмүн ачыңыз;
«Каталог боюнча издөөнү» басып, «Тулпар» деп киргизиңиз;
Картанын номери же телефондун номери боюнча толуктоо жолун тандаңыз;
Реквизиттерди, сумманы көрсөтүп, телефондун балансынан, капчыктан же кошулган картадан төлөңүз.
Жол кире кантип төлөнөт?
Жол кирени төлөө үчүн картаны транспорттогу атайы окугучка такаңыз. Жол киренин суммасы автоматтык түрдө кемитилет.
Тиркеме тууралуу
«Мой О!» тиркемеси – бул «О!Деньги» капчыгын, О! абонентинин жеке кабинетин жана «О!Маркет» маркетплейсин бириктирген санариптик экотутум.
Тиркеме Кыргызстандын бардык уюлдук операторлорунун абоненттери үчүн жеткиликтүү.
Негизги мүмкүнчүлүктөрү:
· 2000ден ашуун сервисти QR жана каталог боюнча онлайн төлөө;
· Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Украинанын капчыктары менен банк карталарына каражаттарды которуу.
· 10%га чейин кешбэк;
· «О!Деньги» капчыгын 3000 О! төлөм терминалынан комиссиясыз толуктоо.
«Мой О!» тиркемесин шилтемеден орнотуп алыңыз: Google Play же App Store.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары. «О!Деньги» электрондук акчаларынын эмитенти - «Дос-Кредобанк» ААК, КРУБ №037 лицензиясы.

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты
Бардык жаңылыктар