Кыргызча
07 сентября 2026

Акыркы жаңылыктар

QA/SDET инженери бол: О! компаниясынан InternLabs акысыз такшалмасына кабыл алуу башталды!

QA/SDET инженери бол: О! компаниясынан InternLabs акысыз такшалмасына кабыл алуу башталды!

Кодду багындырган адис бол!

О! Мобилдик оператору өзүнүн билим берүүчү Intern Labs хабында жаңы кабыл алууну баштап, QA:SDET (Software Development Engineer in Test) багыты боюнча акысыз окууга арыздарды кабыл ала баштады.

 

Бул багыт программалоо жана сапатты камсыздоо тармактарынын кесилишинде жайгашкан. Башкача айтканда, бул жөн гана каталарды кол менен издөө эмес, аларды автоматтык түрдө аныктоочу системаларды түзүүнү каалагандар үчүн мүмкүнчүлүк.

 

Программа IT тармагында карьерасын баштоону каалаган жана автоматташтырылган тесттерди долбоорлоону үйрөнүүгө даяр адамдарга арналган.

 

Катышуучулар эмнеге ээ болушат?

·       Заманбап технологиялар: Java, Python, Selenium, Appium, RestAssured жана SQL тилдерин жана инструменттерин практика жүзүндө өздөштүрүү.

·       Гибриддик формат: 4 айлык окуу – Бишкекте жумасына 2 жолу офлайн сабактар жана өз алдынча практика.

·       Чыныгы тажрыйба: акыркы айда компаниянын санариптик экосистемасынын реалдуу продукттары менен иштөө.

·       Карьераны баштоо мүмкүнчүлүгү: бүтүрүүчүлөргө сертификаттар тапшырылат, ал эми мыкты жыйынтык көрсөткөн финалисттерге штатка жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Тандоодон кантип өтүү керек:

Тандоо онлайн-тестирлөөсү 2026-жылдын 7-сентябрынан 20-сентябрына чейин internlabs.o.kg сайтында өтөт.

Этаптар жана негизги даталар:

·       21-22-сентябрь – тестирлөөнүн жыйынтыгын чыгаруу жана натыйжаларды email аркылуу жөнөтүү. Эң жогору балл алган талапкерлер маектешүүгө чакыруу алышат.

·       22-25-sентябрь – О! компаниясынын Башкы офисиндеги маектешүүлөр.

·       28-сентябрь – финалдык турдун жыйынтыгын чыгаруу жана курска кабыл алынгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүү.

Бардык жыйынтыктар жана чакыруулар автоматтык түрдө жөнөтүлөт, ошондуктан почтага кошумча кат жазуунун кажети жок.

 

InternLabs – Кыргызстандагы санариптик гигант О! компаниясынын көп жылдан бери иштеп келе жаткан социалдык долбоору. Программа таланттуу жаштарды колдоого багытталган жана алдыңкы адистердин жетекчилиги астында бизнестин реалдуу милдеттери менен иштөө аркылуу IT тармагына кадам таштоого мүмкүнчүлүк берет.

Долбоор көп жылдан бери өлкөнүн техникалык потенциалын өнүктүрүп, Кыргызстандын бүтүндөй санариптик экосистемасы үчүн квалификациялуу адистердин резервин түзүүгө салым кошуп келет.

 

Кодду багындырган адис бол – карьераңды InternLabs менен башта!

КР МТБМК алдындагы МБАлицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧКсы, №16-0062-КР жана №16-0063-КР, 06.12.2016-ж.