Акыркы жаңылыктар
«Мой О!» мобилдик тиркемеси ыңгайлуу кызматтары жана пайдалуу функциялары менен кубантууну улантууда. Эми колдонуучуларда «О!Деньги» капчыгынын каталогунда каалаган сервис үчүн автоматтык төлөмдөрдү кошуп алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Жаңы акысыз кызмат мобилдик байланышты, интернетти, коммуналдык кызматтарды жана ал гана эмес кредиттерди автоматтык төлөөнү ырастоого мүмкүнчүлүк берет. Бул ар дайым байланышта болууга, өз убагында эсептерди төлөөгө шарт түзөт, кечигип калуунун алдын алат.
Автоматтык төлөмдү бир гана жолу ырастап алуу жетиштүү жана мындан ары үзгүлтүксүз төлөмдөр кол менен киргизилбейт.
Автотөлөмдү кантип кошуп алуу керек?
«Мой О!» тиркемесин, «О!Деньги» бөлүмүн, андан кийин «Тандалгандарга кошууну» ачыңыз.
Каталогдон керектүү сервисти тандаңыз жана реквизиттерди киргизиңиз.
Сумманы көрсөтүңүз жана «Автотөлөм жана эскертүүнү» тандаңыз.
Төлөмдүн күнүн жана төлөө ыкмасын тандаңыз.
Бардык ырастоолор «Тандалгандарда» сакталат. Каалаган учурда параметрлерин өзгөртүп койсо болот: сумманы, күндү өзгөртүү же функцияны өчүрүү.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.

Чет өлкөлүктөр үчүн O! байланышы: eSIM онлайн же SIM-карта — каалаган өлкөнүн паспорту менен

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм
Бардык жаңылыктар