Акыркы жаңылыктар
Өткөн дем алыш күндөрү жылдын эң мыкты автомашиналык окуясы – Кыргызстандын ачык чемпионаты «Автослалом-2016 болуп өттү. Рамиль Гатауллин башкарган О! мобилдик операторунун Mazda RX-8 автомашинасы «монопривод» классы боюнча чемпиондук титулду алды.
«Биздин машина эң ылдам, ал эми Рамиль жарышуудагы бардык катышуучулардын арасында эң мыкты болуп чыкты», – деп белгиледи О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Спорттук иш-чараны Motul компаниясы Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурду. Көрүүчүлөр мыкты жарыштарды жана катышуучулар арасында чемпионаттын жеңүүчүлөр подиумуна чыгууга укук алуу үчүн күрөшүн көрүштү. Чемпионаттын жүрүшүндө мыкты пилоттордун арасында 16 профессионалдуу автожарышуучу мелдешишти.
Иш-чаранын фото отчету менен О! мобилдик операторунун социалдык тармактардагы расмий сайтынан Facebook таанышууга болот.
Маалымат үчүн:
Автослалом – бул чектелген мейкиндикте фигуралык айдоонун татаал элементтерин аткаруу менен машинада ылдамдык менен маневр жасоо. Мелдештердин катышуучусу аз убакыт аралыгында жана аз ката кетирүү менен трассадан өтүүгө аракет кылат, ага эгер ката кетирсе, ар бир катасы үчүн айыптык убакыт эсептелет.

Жакын болуу дагы пайдалуу: О! үй-бүлөлүк туташууга арзандатууларды сунуштайт
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

QA/SDET инженери бол: О! компаниясынан InternLabs акысыз такшалмасына кабыл алуу башталды!

Окууга «Мой О!» менен даярданабыз: 95 сомдон тарифтер, окуу акысын төлөө жана кешбэк

O!TV тиркемесинен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күбө болуңуз
Бардык жаңылыктар