Акыркы жаңылыктар
«Мой О!» тиркемесинде автосүйүүчүлөр үчүн жаңы уникалдуу кызмат пайда болду.
Эми камералардан жазылган айыппулдарды гана эмес, колго жазылгандарды да текшерүүгө болот. Кыргызстанда мындай мүмкүнчүлүк алгачкы ирет жаралууда.
Ыңгайлуу жана акысыз бул функциянын жардамы менен кайсы бир убакта ЖКК инспекторлору тарабынан жазылып, төлөнбөй калган айыппулдардын бар же жок экенин текшерүү мүмкүн. Бул кызмат төлөнбөгөн айыппулдар бар болгон учурда өлкөдөн чыгууга чектөө киргизилген бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуулукка ээ.
Кантип колдонсо болот?
«Мой О!» тиркемесин жанылаңыз жана ачыңыз
«Эсептер жана айыппулдар» бөлүмүн тандаңыз.
«Колго жазылган айыппулдарды» басыңыз.
Айыппул бар болгон учурда аны дароо эле тиркемеден чыкпай туруп, «О!Деньги» капчыгы аркылуу төлөп койсо болот.
Азыркы учурда сервисти Android базасындагы түзүлүштөрдүн колдонуучулары гана пайдалана алышат, бирок жакын арада кызмат бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү болот.
«Мой О!» тиркемесинен «Коопсуз шаар» боюнча айыппулдарды оңой эле текшерип, төлөөгө боло тургандыгын эскерте кетмекчибиз. Сервистен жаңы айыппулдар жөнүндө SMS алуу, эреже бузуулардын сүрөттөрү менен маалыматтарды көрүп чыгуу, 70%га чейин арзандатуу менен төлөө үчүн автоунааны кошуп койсо болот.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар