Акыркы жаңылыктар

О! Мобилдик оператору көңүл ачуу кызматтарынын топтомун кеңейтип, O!TV тиркемесинде «Amediateka» жазылуусун ишке киргизди. Оператордун абоненттери дүйнөлүк премьераларга жана дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу сериалдарга лицензияланган мүмкүнчүлүктү алышат.
Amediateka – алдыңкы чет элдик студиялардын жаңы тасмалары жана хиттери, анын ичинде HBO Max жана Paramount+ сериалдары менен фильмдери. Сиз дүйнө жүзү менен бир убакта сериалдардын премьераларын жана дүйнөлүк кинопрокаттын хиттерин көрө аласыз.
Жазылуу аркылуу HBO Max’тын популярдуу долбоорлорун көрүңүз: «Такты оюндарынын» бүтүндөй ааламы, анын ичинде «Ажыдаардын үйү» сериалынын жаңы сезону жана «Жети падышалыктын рыцары» аттуу жаңы сериал; DC студиясынын комикстеринин негизинде тартылган жаңы фантастикалык сериал – «Чырактар» (17-августтан тартып), ошондой эле «Мортал Комбат II», «Согуш артынан согуш» жана «Чагылгандуу өтмөк» аттуу белгилүү кинохиттер.
Жазылуунун баасы – 30 күнгө 500 сом. Жазылууну «Мой О!» тиркемеси аркылуу же *810*1# командасын терүү менен кошсо болот.
Бардык көңүл ачуу – бир тиркемеде!
O!TV – көңүл ачуунун универсалдуу борбору. Кызмат Full HD сапатындагы 220дан ашык телеканалды (кино, балдар, спорт жана жаңылыктар каналдары), ошондой эле маанилүү спорттук окуялардын түз эфирлерин сунуштайт. Тиркемени бир аккаунт аркылуу бир убакта 5 түзмөктөн колдонууга болот. Көрүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн эфирди токтотуп туруу, артка түрдүрүү жана берүүлөрдүн архиви сыяктуу функциялар жеткиликтүү. Ал эми О! абоненттери үчүн трафик толугу менен акысыз жана негизги интернет-топтомдон алынбайт.
Кошуу: *810*1# O!TV жүктөп алуу: https://o.kg/s/otv
Толук маалымат: https://o.kg/m/kgamediateka
«НУР Телеком» ЖЧКсы. КР МТБМК алдындагы МБАнын 06.12.2016-ж. №16-0062-КР, №16-0063-КР лицензиялары.

Окууга «Мой О!» менен даярданабыз: 95 сомдон тарифтер, окуу акысын төлөө жана кешбэк

O!TV тиркемесинен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күбө болуңуз

O!Store’до Эгемендүүлүк күнүнө карата арзандатуулар жана башка акциялар – кош келиңиздер!
.png)
O!Store жана O! кеңселеринин майрам күндөрүндөгү иш графиги

О! Мобилдик оператору – жаңы муундагы көчмөндөр үчүн технологиялык тандоо
Бардык жаңылыктар