Акыркы жаңылыктар
Ушул жылы жыл сайын өтүүчү Жеңиш күнүнө карата акча каражаттарын чогултууга багытталган акциянын алкагында О!нун абоненттеринен 137 840 сом чогулган. Жакында эле О! мобилдик оператору акча каражаттарын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өткөрүп берүү боюнча салтанаттуу иш-чара уюштурду.
Республикалык жана шаардык ардагерлер кеңешинин тизмелерине ылайык Улуу Ата Мекендик согуштун 73 ардагерине 1900 сомдон жардам көрсөтүлдү. Компания акциядан түшкөн бардык каражатты Республикалык ардагерлер кеңешине өткөрүп берди, ал эми 25-майдан тартып акча каражаттар "Кыргызпочтасы" МИ жардамы аркылуу таратылып берилет.
«О! мобилдик операторуна жана ардагерлерге колдоо көрсөткөн абоненттерге терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздер бизди эстеп, ушундай акцияларды өткөрүп жаткандарыңыздарга ырахмат!!», - деп белгиледи республикалык согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана тылдын эмгекчилеринин кеңешинин төрагасы Качкын Саргазаков.
12-апрелден 9-майга чейин О!нун абоненттери 1945 кыска номерине 6892 SMS жөнөткөндүгүн эске салабыз.
«Биз өз абоненттерибизге жыл сайын өтүүчү кайрымдуулук акциясына активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бул эрдик жана каармандык болгон үчүн фашизмдин үстүнөн ушул оңой эмес жеңиш келгендиги унутулуп калбагандыгын билдирет. Биздин ардактуу ардагерлерге ден соолук жана бакубат жашоо каалайбыз!» - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар