Акыркы жаңылыктар

7-майда Кыргызстан, башка советтик өлкөлөр сыяктуу эле, радионун түптөлгөн күнүн белгилейт – 1895-жылы дал ушул күнү Александр Попов алгачкы радиоприёмникти чыгарган.
Майрамды бардык байланыш тармактарынын кызматкерлери белгилешет – бул кызматкерлердин талыкпаган эмгегинин натыйжасында биз бир эле басуу менен жакындарыбызга чалабыз, интернетке киребиз, бизнес жүргүзөбүз жана жаңылыктардан убагында кабардар болуп турабыз.
О! командасы бул күндү адаттагыдай эле жумуш орундарынан өткөрөт: камтууну кеңейтүү, тармакты күчөтүү, жаңы технологияларды киргизүү багытында иштер аткарылат. Анткени байланыш – бул ишенимдүүлүк жана калкка аба-ырайынын бардык шарттарында 24/7 кызмат кылуу.
Бүгүнкү күндө О! тармагынын 4G LTE камтуусу Кыргызстан калкынын 99,8%на жеткиликтүү болуп калганы – биз үчүн чоң сыймык. Демек, сиздер кайда жүрсөңүздөр да, жакын адамдарыңыздар жана маанилүү кишилер менен ар дайым байланышта болуп турасыздар.
Тармак боюнча жалпы кесиптештерибизди, өнөктөштөрүбүздү жана албетте, сүйүктүү абоненттерибизди Байланыш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Майрамыңыздар менен!
Сиздердин О! командаңыздар

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар