Акыркы жаңылыктар
Кезектеги 5 кеңеш О! Мобилдик операторунун киберкоопсуздук боюнча “Санариптик дүйнөдө кантип аман калса болот” рубрикасын улантат.
Хакерлер өз чабуулдары үчүн фишинг, экс-плойт, малвертайзинг жана башка түшүнүксүз сөздөрдү ойлоп чыгышты. Бирок эң кооптуусу бул эмес.
Киберкылмышкерлердин арсеналындагы эң кубаттуу курал – алардын курмандыктарынын киберкоркунуч тууралуу маалыматтарынын жоктугу болуп саналат. Бар экендигинен шектенбеген нерседен да коргонууга болбойт эмеспи. Бул жерде биринчи планга потенциалдуу курмандыктардын ортосундагы эркин маалымат алмашуунун жүрүп тургандыгы чыгат.
Жакындарыңызга жаңы киберкоркунучтарга байланыштуу маалыматтарды майда-баратына чейин айтуудан тартынбаңыз, эсиңиздерде болсун: эскертилген киши — баарына даяр дегенди билдирет.
Заманбап киберкоркунучтарга эң көп балдар дуушар болот.
Өспүрүмдөрдү Интернеттин кооптуу таасиринен сактап калуу үчүн, биринчиден, ата-энелердин балдарына көңүл буруу менен жасаган мамилеси, экинчиден О! Мобилдик оператору менен «Касперский Лабораториясынын» инновациялык IT чечими - O! Safe Kids жардам берет. Өзүңүзгө санариптик жардамчыны орнотуп алыңыз, ал өз кезегинде сизге төмөнкүлөргө көмөктөшөт:
Балдарыңыздын көзүн коргоо – мындан ары сиз балаңыз менен смартфон үчүн урушпайсыз. Мобилдик телефон сиз белгилеген расписание менен гана иштейт;
Балаңыздын дароо азыр кайда жүргөндүгүн айтып берет – мектепте сабак окуп жатабы же чоң энесиникинде меймандап жүрөбү;
Интернеттеги кооптуу контенттен балдарды коргоо жана бул чек эмес
Пайдалуу маалыматты → o.safekids.kg шилтемеси боюнча окуп чыгыңыз. Бул сиздин убактыңыздын 5 мүнөтүн гана алат.
Заманбап технологияларды колдонуңуз. Бул оңой, ынгайлуу жана жөнөкөй!
Бул долбоор «Санарип Кыргызстан — 2019-2023» стратегиялык концепциясынын жана Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш Мамлекеттик комитетинин «Digital CASA — КР» долбоору менен кызматташуу алкагында ишке ашырылып жатат.

О! операторунан 7 000 сомдон ашык үнөмдөө: Роутер жана ТВ-приставка бекер берилет!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: 40% арзандатуу менен О! Үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!TV’де Чемпиондор Лигасынын жаңы сезонун, Англия жана Испания матчын көргүлө

Интернет, төлөмдөр жана кешбэк: О! Чыныгы ыңгайлуу роумингди сунуштайт
Бардык жаңылыктар