Кыргызча
26 февраля 2019

Акыркы жаңылыктар

Нарын облусунун дагы 32 калктуу пункттарындагы О! Мобилдик операторунун 4G LTE-тармагы жакшыртылды

«НУР Телеком» Жоопкерчилиги чектелген коомунун (О! Мобилдик операторунун) 4G LTE түйүнүнүн камтуусун көбөйтүүгө жана бүт өлкө боюнча маалыматтарды берүү ылдамдыгын жогорулатууга багытталган масштабдуу долбоору өтө тездик менен ишке ашып жатат.

«НУР Телеком» Жоопкерчилиги чектелген коомунун (О! Мобилдик операторунун) 4G LTE тармагынын камтуусун көбөйтүүгө жана бүт өлкө боюнча маалыматтарды берүү ылдамдыгын жогорулатууга багытталган масштабдуу долбоору өтө тездик менен ишке ашып жатат. 

О! Мобилдик оператору 32 калктуу пункттардын жүз миңден ашуун абоненттерин ишенимдүү байланыш жана эң жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу аркылуу Нарын облусундагы 4G LTE тармагын жакшыртты. Анын натыйжасы катары, иштеп жаткан базалык станцияларга болгон жүктөмдөр азайды жана сигналды алуу оңолду.

«Биздин абоненттер үчүн 4G тармагы добуштук байланыш сыяктуу эле муктаждык болуп калды деп айта алам – 2018-жылы аймакта мобилдик интернетти колдонуучулардын саны көп эсеге көбөйгөн. Тармак ичинде баарына орун жана ылдамдыкты жеткирүү үчүн биз 4G LTE тармагын дайыма кеңейтип жана “ылдамдатып” турабыз», – деп белгилейт О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

Жаңы жабдууларды ишке киргизүү боюча жумуштар аткарылган калктуу пункттар: Ак-Тал, Кош-Дөбө, Ак-Жар, Ак-Моюн, Ак-Муз, Калинин атындагы, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Казыбек, Кара-Суу, Первомайское, Жаңы-Арык, Кызарт, Байзак, Ак-Татыр, Беш-Терек, Кара-Суу, Мантыш, Кызыл-Дөбө, Теңдик, Кара-Күнгөй, Кум-Дөбө, Кара-Тоо, Арсы, Дөң-Алыш, Комсомол, Көк-Жар, Чолпон, Эмгекчил, Куйбышев атындагы, Куланак, Учкун.

О! Мобилдик оператору бүт өлкө боюнча 4G LTE-тармагын камтуусунун максималдуу чегине жакындатып жатат, бул компаниянын Кыргызстандагы камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидерлик позициясын камсыздайт. Бүгүнкү күнү жалпы өлкөнүн тургундарынын 81%ы заманбап жогорку ылдамдыктагы стандартты колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!