Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору 4G Wi-Fi Wingle-ди арзан баада – болгону 1 сомго сатып алууга мүмкүн экендиги жөнүндө маалымдайт. Мисалга, компаниянын абоненттери акциянын чегинде «Чексиз 4G» кызматын 2 айга кошкондо, 4G Wi-Fi Wingle-ди бир аз гана баага сатып алуу менен бир топ үнөмдөй алышат.
«Өлкөдө О!дон 4G-нын өнүгүшү менен бардык мүмкүндүктөрдү пайдаланууга мүмкүн болгон гаджеттерди сатып алууга болгон суроо-талап өсүүдө. Бул мобилдик интернет мобилдик байланышты керектөөчүлөрдүн арасында эң көп суралган кызматтардын бирин болгондугуна байланыштуу келип чыкты. Биз интернет-түзүлүштөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча стратегияны ишке ашырууну улантып жатабыз. Алгачкы жыйынтыктар өзүлөрү эле айтып жатышат, 4G-девайстарга болгон суроо-талаптардын эң жогорку көрсөткүчтөрүн көрүп жатабыз. Биз кардарларыбызды ыңгайлуу түзүлүштөр менен камсыз кылып, аларга жаңы мүмкүндүктөрдү ачып жатабыз. Элестетип көрсөңүз: тармакка чектөөсүз кирүү, чоң файлдарды жүктөө, жаңы жаңылыктар, актуалдуу музыка жана фильмдер, онлайн-оюндар жана тиркемелер – саналган секунддарда эле!», – деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи.
Бул түзүлүштүн негизги артыкчылыгы болуп колдонууда жөнөкөйлүүлүгү жана Wi-Fi аркылуу бир эле убакта бир нече түзүлүшкө 4G интернет тарата алышы. Иштөөсү үчүн атайын программалык камсыздоолорду орнотуу талап кылынбайт, SIM-картаны гаджеттин ажырымына салып, аны USB-порттон күйгүзүү керек. Интернет тармагына кошулуу жана Wi-Fi таратуу автоматтык түрдө жүрөт.
60 күнгө «Чексиз 4G» кызматын кошуу баасы - 2780 сом.
Акция Бишкек ш., Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын областтарынын, ошондой эле Кара-Көл жана Токтогул ш. аймактарында жүрүп жатат.
Түзүлүштөрдү акция боюнча О! мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселеринен же Бишкек ш. боюнча акысыз жеткирүүчү shop.o.kg интернет-дүкөнүнөн сатып алууга болот.
Акциянын шарттарынын кенен баяндалышы менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg же 737 кыска номери (О! мобилдик операторунун абоненттери үчүн чалуу акысыз) боюнча таанышууга болот.
О! мобилдик оператору – дароо азыр кошул!

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты

ИТ-гигант ишин баштады: О! келечектеги лидерлер үчүн акы төлөнүүчү DataCamp программасын ишке киргизет
Бардык жаңылыктар