Акыркы жаңылыктар
Эгер сиз Кыргызстан боюнча саякаттоону ойлонуп жаткан болсоңуз, саякатыңызды Баткен облусунан баштаңыз. Анын үстүнө азыр Баткен облусунун ар бир районунда: Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунда О! тармагынын сигналы мыкты тартып калды. Кыдырууну жакшы көргөндөргө бул жердин түбөлүк карларга чейин узаган альп шалбаалары жагат, ал эми уламыштардын сүйүүчүлөрү жергиликтүү тургундардан Бабур шахтын чоң бактары, Александр Македонский падыша жана ай жүздүү Айгүлдүн аты менен аталган Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү гүл тууралуу окуяларды уга алышат.
Эми, ажайып каньондору, үңкүрлөрү жана бүт дүйнөгө таанымал палеолиттик эстеликтери менен кошо, өрүкзардын мекени О! Мобилдик операторунун 3G жана 4G тармагынын кеңири камтуусу менен да мактана алат. Баткен аймагынын он миңдеген тургундары жана меймандары сапаттуу байланыш, үчүнчү жана төртүнчү муундун ыкчам мобилдик Интернети менен пайдалана алышат. Өткөн айда оператордун техникалык дирекциясы төмөндөгү калк жашаган пункттарда жаңы жабдууларды ишке киргизүү боюнча масштабдуу иштерди жүзөгө ашырышты:
Баткен, Кызыл-Кия, Кадамжай, Сүлүктү шаарларында жана Таш-Кыя, Чал-Таш, Ирилеш, Абдусамат, Баймаала, Андарак, Искра, Панчак, Майдан, Коммуна, Чаувай, Орозбеков, Гүлдерама, Жаңы-Айыл, Элпейсеки (мурунку Ак-Кыя), Кескен-Таш, Гайрат, Сай-Оозу (мурунку Кызыл-Булак), Алга, Чуңкур-Кыштак, Учкун, Лянгар, Миң-Чынар (мурунку Жаңы-Жер), Жаңы-Жер (мурунку Факел), Халмион, Кайтпас, Бургандинское, Бексе, Мыргылжек, Кан ( мурунку Советское), Бежей, Мальмут, Мойнок, Кара-Жыгач, Кара-Кыштак, Кыргыз-Кыштак, Чекелик, Жошук, Ирилеш, Ак-Булак, Кара-Булак, Базар-Башы, Кызыл-Бел, Чек, Кара-Булак, Согмент, Газ, Чарбак, Тенге, Коргон, Шоро, Чарбак-Сай, Патан, Восточный штк., Жаштык, Борбордук (Центральное), Тогуз-Булак, Миң-Жыгач, Көк-Таш, Таш-Булак, Маргун, Кара-Булак, Катран, Булак-Башы, Раззаков атындагы (мурунку Ленин атындагы), Селькан айылдарында.
О! Мобилдик оператору – Кыргызстан боюнча мыкты байланыш!

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар