Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору болуп көрбөгөн «Алмалуу чексиздик» лотереясын өткөрүп жаткандыгын эске салат. 10-августта 30 iPhone 6S-ти биринчи жолу ойнотуу болот.
Кантип катышса болот?
Лотереяга катышуу үчүн абонент *777# буйрутмасын терип, каттоодон өтүшү жетиштүү. Каттоодон өткөндөн тартып, абонентке ар бир жолу толтурган 145 сом үчүн 3 билет жана О! кызматтарына корогон ар бир 145 сом үчүн 5 билет эсептелип турат.
Топтолгон билеттердин санын кантип текшерсе болот?
Топтолгон билеттердин санын текшерүү үчүн *777*9# буйрутмасын терүү керек. Лотерялык билеттердин саны чектелген эмес.
Лотереяларды кийинки ойнотуулар качан болот?
Лотерея 2016-жылдын 7-июлунан 14-октябрына чейин О!нун бардык абоненттери үчүн ойнотулат. Бул аралыкта смартфондор үч жолу ойнотулат: 10-августта, 8-сентябрда жана 19-октябрда.
Жеңүүчүлөрдү аныктоо кандайча жүрөт?
Жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн атайын автоматташтырылган тутум колдонулат, ал лотереяга катышкандардын тизмесинен кокус номерлерди тандайт. Ойнотуу болордун алдында О!нун социалдык тармактардагы Facebook, «Одноклассники», Instagram, Twitter -тогу расмий барактарындажыйынтыктарды чыгарууга үчүн жеке катышууну каалагандар чакырылат.
Кенен маалыматты кайдан билсе болот?
Кенен маалыматты сиз лотереянын расмий сайтынан www.100iphone.o.kg, ошондой эле 777, 0705 700 700 телефондору боюнча ( О!нун абоненттери үчүн чалуу акысыз) сурап билүүгө болот.
Лотереяга кошулуңуздар, билет топтоңуздар жана өз iPhone 6S утуп алыңыздар!

O!Store'дон жаңы iPhone сатып алып, AirPods 4 белегин алууга шашылыңыз – 3 күн гана калды

О! менен үнөмдөңүз: үй интернети, ТВ жана чексиз интернети бар үч номери – 1300 сомго

Белекке сыналгыбы же Magic V3? O!Store дүкөндөрүндөгү HONOR акциясы кызуу жүрүп жатат

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет
Бардык жаңылыктар