Акыркы жаңылыктар
Таиландда жүргөндө, кантип байланышта болуу керек? Жергиликтүү SIM-карталар менен баш катырыш керекпи же роуминг кызматтарынан эле пайдаланыш керекпи? Бул макалада Таиланд Королдугунда эс алуунун ырахатына батып жүргөнүңүздө жакындарыңызга кантип арзан чалуу керектигин баяндайбыз.
Эгерде О! Мобилдик операторунун абоненти болсоңуз, анда паспорт менен барып сөзсүз жаңы SIM-картаны каттоо керектиги, ошондой эле тармактын сиздин түзүлүшкө туура келип келбей тургандыгы тууралуу кабатыр болбой эле койсоңуз болот. Таиландга келериңиз менен сиздин өзүңүздүн SIM-картаңыз өлкөнүн ири байланыш операторунун TrueMove тармагынынө автоматтык түрдө катталат. TrueMove оператору менен О! мобилдик оператору жеңилдетилген тарифтештирүү боюнча өнөктөштүк келишимин түзгөн.
Учуп келериңиз менен сиз супер тариф менен онлайн болуп каласыз: болгону 3 сомго 1 МБ! Сервисти Кыргызстанда жүргөндө *997# буйрутмасы менен акысыз жана абоненттик төлөмсүз кошуу керек.
Бүгүнкү күндө саякаттагандар үчүн салттуу чалуулар менен SMS билдирүүлөргө караганда мобилдик интернет маанилүүрөөк. Кыргызстандыктардын көп барган мамлекеттеринде О! Мобилдик оператору абоненттерине ыңгайлуу тарифтерди белгилөө менен интернет-роумингдин пайдалуу болушуна кам көрдү. Ошентип, Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Түркияда жана Сауд Арабиясында 1 мегабайттын баасы 1 сомду түзөт. Башка тарифтер тууралуу толук маалыматты мобилдик оператордун www.o.kg сайтынын «Роуминг» бөлүмүнөн тапса болот.
О! мобилдик операторунан роуминг – чек араларды сезбей каласың!

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар