Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору жаңы жылдык түндө тармактын иштешине жыйынтык чыгарды – тармак миллиондогон сүйлөшүүлөргө жана SMS-билдирүүлөргө үзгүлтүксүз туруштук берди.
Салт болуп калгандай эле бул учурда тармактагү жүктөмдөр башка кадимки күндөргө караганда бир нече эсеге өсөт. 31-декабрдын 21:00 тартып 1-январдын 03:00 чейинки убакыт аралыгында компаниянын абоненттери кадимки күндөргө салыштырганда 3,5 көп SMS жазышты жана 2 эсе көп чалышты.
«Жаңы жылдык түндө тармактын иштешин камсыздоо боюнча көрүлгөн иш-чаралар өзүн толугу менен актады, биздин абоненттер эң көп сүйлөшүлчү убакта – сааттын жебеси он экини каккандан тартып, түнкү бирге чейин бири бирине чалып, SMS жөнөтүп жатышты. Биз бул убакта кадимки күндөргө караганда SMS-трафик үчүн 4 эсе көп жана добуштук чалуулар үчүн – 2,5 эсе көп жүктөмдөрдү белгиледик”, - деп белгиледи О! мобилдик операторунун технологиялык дирекциясынын директорунун орун басары Антон Коваленко.
О! мобилдик операторунун абоненттеринин арасында жаңы жылдык түндө эң популярдуу болуп добуштук чалуулар болду. 31-декабрдын 21:00 тартып 1-январдын 03:00 чейинки убакыт аралыгында сүйлөшүүлөрдүн жалпы узактыгы 5,4 миллиондон ашык мүнөттү түздү. Жаңы жылдык түндө О! мобилдик операторунун тармагында 1,39 миллиондон ашык SMS жөнөтүлгөн.
О! мобилдик оператору – ылдамдык, сапат жана инновациялар!

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар