
Унаалар, сигнализациялар жана башка акылдуу түзүлүштөр үчүн атайын тариф
90 күнгө тарифке төмөнкүлөр кирет
Ар 30 күн сайын:
Жогорку ылдамдыкта 200 МБ интернет, андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайтылган чексизик;
O! тармагында 100 SMS;
О! тармагында чалуулар үчүн 10 мүнөт
Баасы
90 күнгө болгону 140 сом.
Кандай түзүлүштөргө ылайыктуу?
Тариф маалыматтарды өткөрүүгө жана акылдуу системалардын иштешине арналган:
Интернет-модулу орнотулган унаалар — кытайлык жана башка заманбап унаалар;
Автоунаа сигнализациялары жана күзөт системалары;
IP-видеобайкоо камералары;
GPS-трекерлер жана башка акылдуу системалар.
Тарифти кантип башкарса болот?
Балансты, мүнөттөрдүн жана SMSтин калган көлөмүн төмөнкү ыңгайлуу жолдордун бири аркылуу текшере аласыз:
Номерди «Мой O!» тиркемесиндеги «Менин номерлерим» бөлүмүнө кошуңуз;
Же PIN2 аркылуу Жеке кабинетиңизге кириңиз;
Же M2M SIM-картага кирүү мүмкүнчүлүгүңүз болсо, *827*9# командасын териңиз.
Тарифти кантип туташтырууга болот?
Тарифти каалаган O! сатуу жана тейлөө кеңсесинен же O!Store дүкөндөрүнөн туташтырсаңыз болот.