Кыргызча
<p><strong><span style="color: rgb(240, 4, 127)">Акылдуу түзүлүш 180 күн</span></strong></p>
  • internet200 МБ
  • call_in10 мүнөт О! түйүнүндө
  • call_out100 SMS О! түйүнүндө
280 c / 180 күнгө

Ар 30 күн сайын:

·       Жогорку ылдамдыкта 200 МБ интернет, андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайтылган чексизик;

·       O! тармагында 100 SMS;

·       О! тармагында чалуулар үчүн 10 мүнөт

 

Баасы

180 күнгө болгону 280 сом.

 

Кандай түзүлүштөргө ылайыктуу?

Тариф маалыматтарды өткөрүүгө жана акылдуу системалардын иштешине арналган:

·       Интернет-модулу орнотулган унаалар — кытайлык жана башка заманбап унаалар;

·       Автоунаа сигнализациялары жана күзөт системалары;

·       IP-видеобайкоо камералары;

·       GPS-трекерлер жана башка акылдуу системалар.

 

Тарифти кантип башкарса болот?

Балансты, мүнөттөрдүн жана SMSтин калган көлөмүн төмөнкү ыңгайлуу жолдордун бири аркылуу текшере аласыз:

·       Номерди «Мой O!» тиркемесиндеги «Менин номерлерим» бөлүмүнө кошуңуз;

·       Же PIN2 аркылуу Жеке кабинетиңизге кириңиз;

·       Же M2M SIM-картага кирүү мүмкүнчүлүгүңүз болсо, *827*9# командасын териңиз.

 

Тарифти кантип туташтырууга болот?

Тарифти каалаган O! сатуу жана тейлөө кеңсесинен же O!Store дүкөндөрүнөн туташтырсаңыз болот.

Толук шарттар:
expanded panel icon down

·       Маанилүү! SIM-карта каттоодон өтмөйүнчө байланыш кызматтары жеткиликтүү болбойт. Эгер SIM-карта активдештирилген күндөн тартып 30 күндүн ичинде номер катталбаса, тарифтик планга ылайык, сизге салыктарды кошкондо күнүнө 20 сом турган номерди сактап туруу кызматы көрсөтүлөт. Бул кызмат иштеп турган мезгилде номерди каттоодон өткөрүүгө мүмкүнчүлүк сакталат. Эгер жеке эсептеги калдык 20 сомдон аз болсо, оператор кызматты эсептеги калган суммага көрсөтүүгө укуктуу. Баланста каражат жок болсо, номер өчүрүлүп, SIM-карта деактивацияланат;

·       Тариф бүткүл өлкө аймагында иштейт;

·       Тариф алдын ала төлөө тутумунун абоненттери үчүн жеткиликтүү;

·       КР боюнча 3 секундга чейинки бардык чыгыш чалуулардын баасы – 0 сом;

·       Бардык кирүүчү чалуулар акысыз, КРнын стационардык операторлорунун номерлеринен 705 префикси бар номерлерге кирүүчү чалуулардан тышкары – мүнөтүнө 4,99 сом;

·       Тарифтик планга «Оңой+», «Оңой», «Правильный», «ОК», «Өзгөчө», «Пайдалуу», «Эң биринчи», «Номерди сактап кой 90/360», «Дайыма нөл!», «Алло!», «Акылдуу түзулуш. Чексиз», «Акылдуу түзулуш 30/90/360» (төлөм күтүлүү учурунда) тарифтеринен «Мой О!» тиркемесинен же USSD-командасы аркылуу өтүүгө болот – буйрутмасы: *155*180#

·       КРнын стационардык операторлоруна чыгыш чалуулар – мүнөтүнө 4,99 сом, "Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынын стационардык номерлерине (+996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх) чыгыш чалуулардан тышкары, алар мүнөтүнө 7,49 сомдон тарифтелет;

·       Акы төлөнүүчү байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдуу бирдигин төлөөгө керектүү акчанын көлөмүнө барабар.

Топтомдон тышкары тарифке кошулган кызматтардын тарификациясы:
expanded panel icon down

·       Эгер абоненттик төлөм алынган учурда балансыңызда каражат жетишсиз болсо, тарифтик план узартылбайт жана стандарттык тарификация колдонулат:

·       Кыргызстандын бардык мобилдик тармактарына 1 SMS — 1,5 сом;

·       О! тармагында чалуулар – 1,18 сом/мүнөт;

·       КРнын мобилдик операторлоруна чалуулар* – 2,8 сом/мүнөт;

·       Мобилдик интернет — 1,99 сом/МБ (тариф үчүн төлөмдү күтүп турган учурда);

·       «Акылдуу түзүлүш» тарифтик планына кошулганда, «Үн почтасы» кызматы автоматтык түрдө кошулат;

·       Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS билдирүүлөрү эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарына ылайык жеткиликтүү.

·       «Акылдуу түзүлүш» тарифтик планы бар SIM-картаны активдештиргенде, арзан баада эл аралык чалууларды жасоого мүмкүндүк берген «Бүткүл Дүйнө!» кызматы автоматтык түрдө кошулат;

·       Эгер мүнөттөр жана/же SMS топтому тарифтин мөөнөтүнүн ичинде толугу менен колдонулбаса, кийинки абоненттик төлөм алынганда же топтомдор автоматтык түрдө жаңыртылганда (ар бир 30 күн сайын), колдонулбай калган SMS жана мүнөттөр күйүп кетет.

·       «Акылдуу түзүлүш» тарифин компаниянын башка жеткиликтүү тарифтерине алмаштырганда, интернет-трафик, пайдаланылбаган SMS жана мүнөттөр күйүп кетет. Ошол эле учурда «Акылдуу түзүлүш» тарифи үчүн буга чейин алынган абоненттик төлөм кайтарылбайт.

·       Бардык кардарларга интернетке ыңгайлуу кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн компания трафикти «адилеттүү пайдалануу саясатын» (FUP — Fair Usage Policy) колдонот. Бул тармакка эң көп жүктөм түшкөн убакта тармактык ресурстарды адилеттүү бөлүштүрүүнү билдирет. Эгер абонент эсептик мезгил ичинде (акыркы абоненттик төлөм алынган күндөн тартып) интернетти адаттан тыш чоң көлөмдө колдонуп, башка абоненттерге ыңгайсыздык жаратса, система кийинки абоненттик төлөм алынганга чейин (эсептик мезгилдин аягына чейин) интернетке кирүү артыкчылыгын төмөндөтөт. Кийинки абоненттик төлөм алынган күндөн тартып интернетке кирүү артыкчылыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай ыкманын негизги артыкчылыгы — тармактын ресурстары бардык абоненттер арасында адилеттүү бөлүштүрүлүп, ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык камсыздалат.

·       Абоненттик төлөмдүн баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн. Калган кызматтардын баасы КНСти эске алуу менен, сатуудан алынуучу салыктарды (СС) эске албастан көрсөтүлгөн.

·       О! тармагындагы чыгыш чалуулар жана КРнын башка байланыш операторлоруна чыгыш чалуулар үчүн тарифтик интервал – 10 секунд.

*Кыргызстандын башка уюлдук байланыш операторлорунун номерлерине «Альфа Телеком» ЖЧКнын (MegaCom бренди), «Скай Мобайл» ЖЧКсынын (Beeline бренди), «КТ Мобайл» ЖЧКсынын (SALAM бренди) номерлери кирет.