· Эгер абоненттик төлөм алынган учурда балансыңызда каражат жетишсиз болсо, тарифтик план узартылбайт жана стандарттык тарификация колдонулат:
· Кыргызстандын бардык мобилдик тармактарына 1 SMS — 1,5 сом;
· О! тармагында чалуулар – 1,18 сом/мүнөт;
· КРнын мобилдик операторлоруна чалуулар* – 2,8 сом/мүнөт;
· Мобилдик интернет — 1,99 сом/МБ (тариф үчүн төлөмдү күтүп турган учурда);
· «Акылдуу түзүлүш» тарифтик планына кошулганда, «Үн почтасы» кызматы автоматтык түрдө кошулат;
· Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS билдирүүлөрү эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарына ылайык жеткиликтүү.
· «Акылдуу түзүлүш» тарифтик планы бар SIM-картаны активдештиргенде, арзан баада эл аралык чалууларды жасоого мүмкүндүк берген «Бүткүл Дүйнө!» кызматы автоматтык түрдө кошулат;
· Эгер мүнөттөр жана/же SMS топтому тарифтин мөөнөтүнүн ичинде толугу менен колдонулбаса, кийинки абоненттик төлөм алынганда, колдонулбай калган SMS жана мүнөттөр күйүп кетет.
· «Акылдуу түзүлүш» тарифин компаниянын башка жеткиликтүү тарифтерине алмаштырганда, интернет-трафик, пайдаланылбаган SMS жана мүнөттөр күйүп кетет. Ошол эле учурда «Акылдуу түзүлүш» тарифи үчүн буга чейин алынган абоненттик төлөм кайтарылбайт.
· Бардык кардарларын интернет менен жайлуу камсыздоо максатында компания Абоненттин артыкчылыгын, түйүн жүктөмүн, түйүн жүктөмүнүн өсүшү менен жана абоненттердин өзүнчө трафик түрүн колдонуусунда өзүнчө трафик түрлөрүнүн артыкчылыгын эске алып, автоматтык түрдө иштеген, бүтүн түйүнгө эң көп күч келген учурда, ошондой эле абонент тейленген базалык станциянын эң көп жүктөмүндө ылдамдыкты азайта алган трафиктин артыкчылыктуулугунун атайы тутумун колдонууга укуктуу, анын ичинде трафикти «адилет колдонуу саясатын» (FUP – Fair Usage Policy) пайдалануу жолу менен;
· Абоненттик төлөмдүн баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн. Калган кызматтардын баасы КНСти эске алуу менен, сатуудан алынуучу салыктарды (СС) эске албастан көрсөтүлгөн.
· О! тармагындагы чыгыш чалуулар жана КРнын башка байланыш операторлоруна чыгыш чалуулар үчүн тарифтик интервал – 10 секунд.
*Кыргызстандын башка уюлдук байланыш операторлорунун номерлерине «Альфа Телеком» ЖЧКнын (MegaCom бренди), «Скай Мобайл» ЖЧКсынын (Beeline бренди), «КТ Мобайл» ЖЧКсынын (SALAM бренди) номерлери кирет.