Кыргызча
<p>Акциялык 50</p>
  • internet5 ГБ
  • call_inАкысыз
  • call_out30 минут
50 c / 1 жума

Жумасына болгону 50 сомго төмөнкүлөр берилет:

• Максималдуу ылдамдыктагы 5 ГБ интернет;

• О! тармагында акысыз чалуулар жана SMS;

• КР башка мобилдик тармактарына чалууларга 30 мүнөт.

Толук маалымат
expanded panel icon down

Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү

5 ГБ

Башка тармактарга*

30 мүнөт

О! тармагындагү номерлерге чалуулар жана SMS

0 сом

«Мобилдик айлык акы» кызматынын алкагындагы тарифтин шарттарына ылайык,
КР башка мобилдик операторлорунун абоненттеринен кирүүчү ар бир мүнөт үчүн бонус**

1 сом

КР башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS

1,5 сом

Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин
көлөмүн жана акысыз мүнөттөрдүн топтомунун көлөмүн текшерүү үчүн буйрутма

*728*9#


Мобилдик интернеттин алгачкы 5 ГБ абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 1 жуманын ичинде максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн;

Максималдуу ылдамдыктагы интернет топтомду колдонуп бүткөндөн кийин, 1 ГБ, 2 ГБ, 5 ГБ же 10 ГБ «Турбобаскыч» кызматтарын кошууга болот, алар кезектеги абоненттик төлөмдү алганга чейин мобилдик интернетти максималдуу ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет.

Турбобаскычтарды «Мой О!» тиркемесинде, web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы аркылуу кошууга болот:

  • «Турбобаскыч 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

  • «Турбобаскыч 2 ГБ» – *735*2# (50 сом);

  • «Турбобаскыч 5 ГБ» – *735*5# (100 сом);

  • «Турбобаскыч 10 ГБ» – *735*10# (150 сом).

«Мой О!» мобилдик тиркемесинен тарифтерди жана кызматтарды башкарыңыз, мүнөттөрдүн жана гигабайттардын калдыктарын текшериңиз, толук детализация менен күнү-түнү онлайн-консультация алыңыз. Тиркемени дароо азыр жүктөп алыңыз!

Кошумча маалымат
expanded panel icon down

  • «Акциялык 50» тарифтик планы эсептешүүлөрдү алдын ала төлөө тутумундагы абоненттер үчүн жеткиликтүү;

  • КР боюнча бардык чыгуучу чалуулардын баасы 3-секундага чейин – 0 сом;

  • Бардык кирүүчү чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 4,99 сом;

  • Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/4,99 сом;

  • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет;

  • «Акциялык 50» тарифтик планына кошулууда «Үн почтасы» кызматы автоматтык түрдө кошулат;

  • Жаңы SIM-картаны активдештиргенде, которулганда же «Акциялык 50» тарифтик план үчүн абоненттик төлөм алынганда, бир гана жолу «Коңгуроо» кызматы автоматтык түрдө кошулат, «Коңгуроо» кызматы 14 календарлык күн бою акысыз көрсөтүлөт да, 15-күндөн баштап стандарттык шарттарда (акы төлөө менен) көрсөтүлө баштайт;

  • «Акциялык 50» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттары боюнча номерди тандап, алмаштыра алышат;

  • Эгер абоненттик төлөм алынып жаткан учурда, сиздин баланста каражат жетишсиз болсо, баланстагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине резервделет, эгер жетишсиз сумма болсо, ал баланста кемитүү белгиси менен (тескери баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонууну улантуу жана интернетке кирүү үчүн абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек;

  • Эгер сизде «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги абоненттик төлөм алынып жатан учурда, баланста тариф үчүн каражат жетишсиз болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот;

  • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү;

  • «Акциялык 50» тарифтик планындагы SIM-картаны активдештирүүдө же «Акциялык 50» тарифтик планына өтүүдө, «Бүткүл дүйнө!» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот;

  • Бул тарифтин алкагында интернеттин шарттарын туура көрсөтүү үчүн тутум тарабынан максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 300 МБ чейин интернет-трафик резервделет. Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин актуалдуу калдыгын текшерүү үчүн алгач маалыматтардын топтомдук өткөрүүсүн өчүрүү керек, андан кийин аппаратты «учуу» режимине алуу жана бул режимден чыгуу, андан соң маалыматтардын топтомдук өткөрүүсүн күйгүзбөстөн, *728*9# буйрутмасын терүү керек;

  • Эгер интернеттин топтому 1 жуманын ичинде сарпталбаса, кезектеги абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган мобилдик интернеттин мегабайттары күйүп кетет;

  • «Акциялык 50» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алмаштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында «Акциялык 50» тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн алынган каражаттар кайтарылбайт;

  • Интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳн соӊ, 25 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:
    1 ГБ кошумча интернет-топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин. Мѳѳнѳт аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган кѳлѳмү күйүп кетет;
    1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳндѳн кийин дароо берилет. Ошондой эле алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгѳнүп калса, баланста жетиштүү каражат болгон учурда, кошумча интернет-топтомду кайра алса болот;

  • Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 25 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;

  • 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ тыюу салуу мүмкүн, бул үчүн каалаган Сатуу жана тейлѳѳ кеӊсесине барса же 9999 номери аркылуу сурап-билүү борборуна кайрылса болот;

  • 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ салынган тыюуну *745*1# буйрутмасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинен жокко чыгаруу мүмкүн.

  • Кошумча интернет-топтомду болжолдуу кошуулар чектелген (25 сомго 1 ГБ) – бир күндүн ичинде 5 жолудан көп эмес.

  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин «адилеттүү пайдалануу саясатын» (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп тармактын ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;

  • «Акциялык 50» тарифи иштеп жатканда, кийинки кызматтарды кошууга болбойт : «5+5», «Сенин нөлүң күнүмдүк!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң!» (7 күн), «Сенин нөлүң белекке!», «Сенин нөлүң 3,6,12!»;

  • Абоненттик төлөмдүн жана «Турбобаскыч» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгѳн, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү;

  • О! тармагындагү чыгуучу чалуулардын жана КРны башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.

* КР мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын (MEGA СМ), «Скай Мобайл» ЖЧКсынын (Beeline СМ), «КТ Мобайл» ЖЧКсынын (SALAM СМ) номерлери кирет. Наркы алгачкы 30 мүнөт үчүн абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 28 календардык күндүн ичинде жарамдуу. 31 - мүнөттөн тартып КР башка мобилдик байланыш операторлорунун номерлерине 1 мүнөт сүйлөшүүнүн баасы 2,8 сомду түзөт. Эгер абонент КР мобилдик операторлорунун номерлерине акысыз чалуулардын 30 мүнөтүн сарптай элек болсо, кезектеги абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган мүнөттөр жокко чыгарылат.

**Бул тарифке ѳткѳндѳ же бул тарифтеги SIM-картаны активдештиргенде, автоматтык түрдѳ 30 суткалык акысыз мѳѳнѳт үчүн «Мобилдик айлык акы!» кызматы кошулат. Акысыз мөөнөт бүтөрү менен (31-суткада) «Мобилдик айлык акы!» кызматы өз алдынча өчүрүлгөнгө чейин стандарттык шарттарда көрсөтүлөт.