
Максималдуу ылдамдыктагы чексиз интернет
О! тармагында чексиз чалуулар жана SMS
КРнын башка мобилдик тармактарына чалуулар үчүн 100 мүнөт
Акысыз Wi-Fi таратуу үчүн 10 ГБ интернет
Акысыз О!TV кызматы: жогорку сапаттагы 200+ ТВ-каналы
Акысыз Etnomedia кызматы
4 жумага абоненттик төлөм* | 250 сом |
Максималдуу ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү | чексиз |
Акысыз Wi-Fi аркылуу таратуу үчүн интернет көлөмү | 10 ГБ |
Башка тармактарга акысыз чалуулар** | 100 мүнөт |
Телеканалдардын саны | 200+ |
О! тармагында чалуулар жана SMS | чексиз |
КРнын дайындуу байланыш номерлерине чалуулар*** | 4,99 сом/мүн |
КРнын башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS | 1,50 сом |
«Мобилдик айлык акы» кызматынын алкагындагы тарифтин шарттарына ылайык, КР башка мобилдик операторлорунун абоненттеринен кирүүчү ар бир мүнөт үчүн бонус***** | 1 сом |
*«О! Чексиздик» тарифинин акция менен 4 жумага 250 сом (500 сомдун ордуна) өлчөмүндөгү баасы тарифти кошкон учурдан тартып 186 күндүн ичинде алгачкы 6 абоненттик төлөмгө жайылтылат, андан ары тарифтин 4 жумага 500 сом өлчөмүндө төмөндөтүлгөн баа менен стандарттуу шарттары күчүнө кирет.
«О! Чексиздик» тарифинин алкагында 200 ТВ каналын камтыган «О!TV Premium» ТВ каналдарынын топтому иштейт. Сиздин сүйүктүү ТВ каналдарыңызды көрүү үчүн AppStore (iPhone жана iPad үчүн), Google Play Market (Android үчүн) платфомаларынан жүктөп алуу же www.otv.kg веб-порталына кирүү зарыл. О!TV кызматы тууралуу толук маалымат бул жерде.
О!TV тиркемесине жана otv.kg сайтына жаңы шартбелги алуу: *750*5#
О!TV кызматы боюнча маалымат алуу: *750*8#
Максималдуу ылдамдыктагы интернет-трафиктин калдыгын жана башка операторлордун номерлерине мүнөттөрдүн калдыгын текшерүү: *728*9#
Маанилүү! SIM-карта катталбаган учурда байланыш кызматтары жеткиликтүү болбойт. Эгер SIM-карта активдештирилген соң 30 күндүн ичинде номер катталбаса, тарифтик планга ылайык, Сизге бардык салыктарды кошкондо, күнүнѳ 20 сом ѳлчѳмүндѳ кепилденген ээлеп туруу мѳѳнѳтү берилет. Бул мѳѳнѳттүн ичинде номериңизди каттоо мүмкүндүгү сакталып турат. Ѳздүк эсебиңизде 20 сомдон аз каражат калган учурда, оператор калдыктын суммасына кызмат кѳрсѳтүүгѳ укуктуу. Балансыңызда каражат жок болсо, номериңиз ѳчүрүлѳт – SIM-карта деактивацияланат;
Акциялык «О! Чексиздик» тарифтик планы Кыргыз Республикасынын жалпы аймагындагы алдын ала төлөм тутумунун жаңы абонененттерине жеткиликтүү;
КР боюнча бардык чыгуучу чалуулардын баасы 3-секундага чейин – 0 сом;
Бардык кирүүчү чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 4,99 сом;
Байланыш кызматтарынын акылуу кызматтарын өчүрүү босогосу тарифтештирүүнүн мимнималдуу бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет;
«О! Чексиздик» тарифтик планына кошулууда «Үн почтасы» кызматы автоматтык түрдө кошулат.
Жаңы SIM-картаны активдештиргенде же «О! Чексиздик» тарифтик план үчүн абоненттик төлөм алынганда, бир гана жолу «Коңгуроо» кызматы автоматтык түрдө кошулат, «Коңгуроо» кызматы 14 календарлык күн бою акысыз көрсөтүлөт да, 15-күндөн баштап стандарттык шарттарда (акы төлөө менен) көрсөтүлө баштайт;
«О! Чексиздик» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттары боюнча номерди тандап, алмаштыра алышат;
Эгер абоненттик төлөм алынган учурда балансыңызда абоненттик төлөмдү төлөө үчүн каражат жетишсиз болуп чыкса, анда балансыңызда болгон сумма абоненттик төлөмдүн эсебине резервделет, ал эми жетишпеген сумма балансыңыздан минус белгиси (терс баланс) менен чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын акысыз номерлерине чалуулардан тышкары, бардык чыгуучу мобилдик байланыш, мобилдик телевидение жана интернетке кирүү кызматтары өчүрүлөт;
Эгер сизде «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулган болсо жана кезектеги абоненттик төлөм алынган учурда балансыңызда каражат жетишсиз болуп чыкса, анда жогорудагы кызматтарды колдонуу мүмкүнчүлүгү чектелет, ал эми кызмат боюнча абоненттик төлөм кошулган кызматты көрсөтүү
шарттарына ылайык алына берет;
Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү;
«О! Чексиздик» тарифтик план менен SIM-картаны активдештирүүдө, «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот;
Тарифтин алкагында тариф үчүн ар бир абоненттик төлөм алынгандан кийин Wi-Fi аркылуу акысыз 10 ГБ интернет-трафик таратса болот. Бул интернет-трафиктин көлөмүн сарптагандан кийин смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернетке кирүү тармагы катары (модем режиминде) колдонууну улантуу үчүн «Интернет тарат!» кызматын колдонуңуз;
«О! Чексиздик» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алмаштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында «О! Чексиздик» тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн алынган каражаттар кайтарылбайт;
«О! Чексиздик» тарифи иштеп жатканда, кийинки кызматтарды жана интернет-топтомдорду кошууга болбойт : «5+5», «Сенин нөлүң күнүмдүк!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң!» (7 күн), «Сенин нөлүң белекке!», «Сенин нөлүң 3,6,12!», «Түнкү чексиздик+», «Түнкү безлимит», «Суперхайп + YouTube», «Чексиз Instagram, Whatsapp, Telegram»;
Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин «адилеттүү пайдалануу саясатын» (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп тармактын ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;
О! тармагындагү чыгуучу чалуулардын жана КРнын башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.
Пайдалануучуга «O!Кино» кызматынын алкагындагы контент «НУР Телеком» ЖЧК жана «ДиасТВ» ЖЧК техникалык ресурстарынын жардамы менен MEGOGO онлайн-кинотеатры аркылуу көрсөтүлөт. O!TV кызматынын чегиндеги телеканалдар «Диас ТВ» ЖЧК тарабынан жайылтылат.
Абоненттик төлөмдүн жана «Турбобаскыч» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү;
*** Наркы алгачкы 100 мүнөт үчүн абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 28 календарлык күндүн ичинде жарамдуу. 101- мүнөттөн тартып КР башка мобилдик GSM байланыш операторлорунун номерлерине 1 мүнөт сүйлөшүүнүн баасы 2,8 сомду түзөт. Эгер абонент КР мобилдик операторлорунун номерлерине акысыз чалуулардын бардык 100 мүнөтүн сарптай элек болсо, кезектеги абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган мүнөттөр жокко чыгарылат.
**** Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/5,99 сом;
**** Тарифке которулганда же бул тариф менен SIM-картаны активдештиргенде автоматтык түрдө «Мобилдик айлык акы!» кызматы - 30 сутка акысыз мөөнөт менен кошулат. Акысыз мөөнөт бүтөрү менен (31-суткада) «Мобилдик айлык акы!» кызматы өз алдынча өчүрүлгөнгө чейин стандарттык шарттарда (акы төлөө менен) көрсөтүлөт.