Автоматтык тескөөлөр

Сиз өзүңүздүн телефонуңузга мультимедиалык кызматтарды колдонууну сунуштоочу акысыз интернеттин автоматтык тескөөлөрүн жуктөп алсаныз болот. 

Автоматтык тескөө кызматынын номери – 999c

Эгерде Сиз Интернеттин автоматтык тескөөлөрүн алгыңыз келсе – өз телефонуңуздан *999*1#c териңиз.

Автоматтык тескөөлөрүн алуу – акысыз. 

Автоматтык тескөөлөрдү кабыл алган соң Сактоо (Сохранить) жана телефонду өчүрүп кайрадан жандыруу зарыл.

 

Смартфонду кол түрүндө тескөөлө

Смартфонуңузду өзүңүз оңой эле тескөөлөп алсаңыз болот!

Samsung, Asus, Lenovo, HTC, Xiaomi, Meizu  Android платформасындагы (5.x жана жогору) смартфондор үчүн тескөөлөр:

Настройки => Передача данных бөлүмдөрүн тандаңыз – башкаруу бөлүмүнөн Мобильные данные бөлүмүн жандырыңыз, (эгерде телефон 2 SIM-картаны колдосо: Настройки => SIM-карты => Мобильные данные колдонулуп жаткан O! SIM-картасын тандаңыз). Андан соң кайрадан Менюга кайтыңыз Настройки => Дополнительные настройки\Другие сети\Ещё (кээ бир телефондордо бөлүмдөр жок болушу  мүмкүн) => Мобильные сети => Точки доступа (APN) => Точка доступаны:

  • Имя: О!
  • APN: internet
  • Тип точки доступа: default

Андан соң Сактоо(Сохранить). О! профилин активдештириңиз . Телефонду өчүрүп кайрадан жандырыңыз.

iOS 9.3 жана жогору  платформасындагы iPhone телефондору үчүн:

Настройки => Сотовая связь => Параметры данных => Сотовая сеть передачи данных. Сотовые данные бөлүмүнүн жандырыңыз (Вкл).  APN бөлүмүндө- internetдеп жазуу зарыл. Калган бөлүмдөрүн бош калтырыңыз

iOS 7.x -9.3 платформалары үчүн:

Настройки => Сотовая связь => Сотовая сеть передачи данных. Сотовые данные бөлүмүнүн жандырыңыз (Вкл).  APN бөлүмүндө- internetдеп жазуу зарыл. Калган бөлүмдөрүн бош калтырыңыз

Мобилдик интернеттин тарификация тарифтик пландын шарттары, же кошулган интернет пакет, кызматтарга жараша эсептелинет