O!TV

  • Кыскача маалымат
  • Толук маалымат

O!TV – бул мыкты сапаттагы жана  ыңгайлуу интерфейстеги сиздин сүйүктүү сериалдар – каалаган түзүлүштө сиз менен баардык жерде.  Эми ТВ сиз менен дайыма каалаган түзүлүштө: (смартфон, планшет) жана Интернет бар бардык жерде.

O!TV- бул  сиз каалаганда жана качан каалаганда көрүү. Тандоодо көптөгөн телеканалдар: балдар, спорт, жаңылыктар каналдары жана башкалар.

 O!TV өз колдонуучуларына трафикке төлөбөй, канча кааласа, ошончо көрүүгө мүмкүндүк берет.

Сиз кызыктууну же маанилүүнү коё бербейсиз! Түз эфирди тынымга коюп коюп, өз түзүлүштөрүңүздүн биринен кечирээк көрүп аласыз. O!TV башка каналга которсоңуз да, кайсы жерге токтолгонуңузду жаттап калат. Ыңгайлуу интерфейс, тизмеден же толук экрандан видео көрүү, сүйүктүү телеканалдарды «Тандалмаларга» кошуу менен ырахаттанып көрүңүз.

Кызматты кошуу үчүн тиркемени AppStore    (iPhone жана iPad үчүн), Google-дан PlayMarket (Android үчүн) же веб – порталга www.otv.kg кирип жүктөөгө болот.

Андан кийин *750*1# номерине буйрутма жөнөтүү зарыл.

*750*1# номерине буйрутма жөнөткөндөн кийин SMS-билдирүү менен алган логинди (абоненттик номерди) жана сыр сөздү киргизгенден кийин O!TV тиркемесине же веб – порталга www.otv.kg  кирүү керек.

Күнүмдүк абоненттик төлөмдүн баасы:

"О!TV Баштапкы"  токтому 40 канал  – күнүнө 3 сом *750*1#c

 "О!TV Стандарт"  топтому 100 канал – күнүнө 5 сом *750*2#c

  "О!TV Премиум" топтому 130 канал  – күнүнө 7 сом *750*3#c

Баалар КНС эске алып, бирок ССсыз  көрсөтүлдү.

Кызматты көтөрө алган түзүлүштөр:

1)        iOS базасындагы смартфондор жана планшеттер үчүн мобилдик тиркеме (версия 6+);

2)       Android базасындагы смартфондор жана планшеттер үчүн мобилдик тиркеме (версия 4+);

3)    Windows XP SP2 же андан жогорку базадагы,  Mac OS X 10.4 же андан жогорку базадагы , JavaScript же Cookies Safari туташтырылган  Internet Explorer (11+), Opera, Firefox, Chrome с Adobe Flash Player 10.1.53.64 же андан жогорку браузерлер аркылуу Linux персоналдык компьютерлер же ноутбуктар.

ТВ-каналдарды көрүүдө колдонуп жаткан интернет-трафик О! түйүнүндө акысыз. Башка уюлдук операторлордун абоненттери алардын тарифтик планына жараша тарифтештирилет.

Кызмат көрсөтүүнүн сапаты маалыматтарды берүү ылдамдыгы менен аныкталат. Көрүү үчүн зарыл болгон  минималдуу ылдамдык — 300 Кбит/с;